Биз менен байланышыңыз

Митинг менен коштолгон сот. «Бүтүн Кыргызстандын» арызы каралууда

Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 533 | 0

Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арызын карап жатат. Сот имаратынын алдына аталган партиянын тарапташтары чогулушту. Аларды милиция кызматкерлери сот имаратынын ичине киргизген жок.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого 15 саясий партияны каттаган. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездинде мыйзам бузулганы жүйөө келтирилген.

«Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрыла турганын маалымдаган.

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыңкы курамында кимдер бар? (тизме)

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Понедельник, 7 сентября 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM