Биз менен байланышыңыз

“Каркыра-автожол” бекети ишин жандандырды

Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 528 | 0

7-сентябрдан баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Каркыра-автожол” көзөмөл өткөрүү жайы ишин жандандырды.

Аталган көзөмөл өткөрүү жайынан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар эртең мененки саат 08.00дөн 18.00гө чейин өткөрүлөт. Казакстанга барган жарандар өлкө киргизген чектөөлөр менен таанышуулары шарт.

“Каркыра-автожол” өткөрүү жайында электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан чек ара бекети 2020-жылдан баштап жыл бою иштей турган режимге өткөн.

Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн макулдашуусуна ылайык, “Каркыра-автожол” өткөрмө жайы көп тараптуу, автомобилдик болуп саналат.

 

Copyright © 2017 Maral FM