Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик карыз бир айда 16 млрд сомго өстү

Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 402 | 0

2020-жылдын 30-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 370 млрд 268.71 млн сомду түздү. Анын ичинен 86.4% же 320 млрд.21 млн сом тышкы карыз, 13.6% же 50 млрд 229.51 млн сом ички карызды түзгөн.

30-июнга салыштырмалуу мамлекеттик карыз 16 млрд 504.56 млн сомго өскөн.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттик карызды төлөө үчүн үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында бюджеттен 20 млрд 40.4 млн сом бөлүнгөн.

Тышкы карызды тейлөөгө 8 млрд 852 млн сом жумшалган, ички карызды жабууга 11 млрд 188 млн сом бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM