Биз менен байланышыңыз

Кытай: Көз жоосун алган технологияга ээ дисплей сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 457 | 0

Кытайлык TCL компаниясы Германияда өткөн IFA 2020 электроника көргөзмөсүндө көздүн жоосун алган технологиясы бар дисплейдин жаңы түрүн сунуштады.

NXTPAPER деп аталган бул дисплейлерде жаңы технологиянын жардамы менен көзгө көрүнгөн чыңалуу төмөндөтүлгөн.

Белгиленгендей, жаңы технология E Ink түстүү панелдери менен атаандашат. Мындан тышкары, жаңы дисплей E Ink панелдерине караганда 25 пайызга көп контрастка ээ жана суюк кристаллдык дисплейлерден 36 пайызга ичке. Бул шайманды жеңилдетет.

Бирок жаңы дисплейдин кемчилиги — мындай экранды караңгыда колдонууга болбойт.

Компаниянын өкүлдөрү жаңы дисплейлер качан сатыкка чыга тургандыгын айтышкан жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM