Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан көз жумган 18 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөндү

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 270 | 0

Кыргызстанда коронавирустан каза болгон 18 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаты төлөнүп берилди. Дагы 34 кызматкерге кенемте төлөө маселеси иликтенип жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн ар бир учур катталган мекемелерде атайын комиссия иштеп жатат.

Кызмат учурунда ооруга дуушар болгон медициналык кызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Республика боюнча:
-Ош облусунан -113 документ;
Талас облусунан – 33;
Чүй облусунан – 337;
Баткен облусунан – 25;
Нарын облусунан – 35;
Ысык-Көл облусунан – 48;
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек)  14 документ келип түшкөн.

Муну менен бирге Бишкек шаарындагы санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800 документ каралып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM