Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңеши коронавирустун жайылышына алып келген себептерди иликтөөдө

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 375 | 0

Коопсуздук кеңеши тарабынан COVID-19 инфекциясынын жайылышын чектөө, 2020-жылдын январь айынан июль айына чейинки мезгилде өлкө экономикасына болгон коркунучтарды жоюу максатында 8 жыйын өткөрүлүп, мамлекеттик органдардын жетекчилерине тиешелүү сунуштамалар берилген.

Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдеринин ишке ашырылышына туруктуу мониторинг жүргүзүп жатат. Азыркы учурда адам өмүрүн алып кеткен жагдайларга, анын ичинде мамлекеттик органдардын, саламаттыкты сактоо уюмдарынын калкка медициналык тез жардам көрсөтүүгө даяр эместигине иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы Коопсуздук кеңешинин жыйынына чыгарылат. Анда өлкөнүн санитардык-эпидемиологиялык абалынын начарлап кетишине жол бербөөгө багытталган тиешелүү уюштуруу-башкаруу жаатындагы чечимдер кабыл алынат жана мамлекеттик органдарга кошумча сунуштамалар берилет.

Каржы полициясы органдары тарабынан дагы төмөнкү фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат:

— Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызмат адамдары тарабынан кетирилген шалаакылыктар;

— Фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын жана мамлекеттик контракттар үчүн көз көрүнөө эле пайдалуу болбогон корутундуларды жактоодогу коррупциялык иш-аракеттер;

— Мамлекетке ири зыян же өзгөчө ири зыян келтирген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызыкдар тараптардын баарын — жарандарды, эксперттерди жана жарандык коом институттарын аталган маселе боюнча колдо болгон материалдарды жана сунуш-пикирлерди иликтөө жана анализдөө үчүн, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдалып жаткан материалдар менен жалпылаштыруу үчүн биздин дарекке жолдоону өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM