Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстан» БШКнын үстүнөн сотко кайрылат

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 280 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн сотко арызданат. Бул тууралуу партиянын төрагасы Адахан Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Мадумаровдун пикиринде, БШК 3-сентбярдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы техникалык ката кетиргени үчүн гана ойдон чыгарылган токтомго добуш берип, партияны шайлоодон четтетти. Бул «саясий чечим» болуп калды.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездде мыйзам бузганы жүйөө келтирилди.

«Биз Жогорку сотко кайрылабыз. Ага чейин Боршайком бизге тийиштүү болгон бардык документтерди кайтарышы керек. Азыр бизге «аз эле жерден ката кетирип койгонуңар үчүн шайлоого катышпай калдыңар» деген сөздөр айтылып жатат. Алар (ред. БШК) кечээ өздөрүнүн регламентин да бузуп, жок токтомго добуш беришти. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «ошол токтомду мага көрсөтүп койгулачы» деп какшап жатты. Жумушчу топтун мүчөсү Кайрат Осмоналиев да «жыйынга катышкан жокмун, ал жерде менин колум жок» деп атат. Ошол үчүн көп суроолорго биз сотто мүмкүн жооп алабыз«, -дейт Мадумаров.

Саясатчынын пикиринде, бүгүнкү күндө эл күчтүү талаптарды коюп, саясатчыларды артынан ээрчитип калды. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу үчүн катталбай калганда да Москва шаарында жашаган кыргыздар чукул жыйын өткөрүп бир топ талап койгон.

«Алар, эгер биздин өлкө укуктарыбызды коргобосо, биз өз укугубузду өзүбүз коргогонго чечкиндүү түрдө барабыз деп жатышат. Эгер бизди колдогон эл ушундай кадамга барса, аларды токтотууга биздин моралдык укугубуз да жок. Эми эл кандай чечсе, биз алар тарапта болобуз«, -деп айтты Мадумаров.

Буга чейин мурунку депутат Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясына «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылган. Ал аталган партиянын БШКга берген талапкерлеринин тизмесин каттоого албаш керектигин айткан. 2-сентябрда БШКнын жыйынында экс-депутаттын арызы каралып, ал канааттандырылган эмес.

Жалпы 15 партия каттоодон өттү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM