Биз менен байланышыңыз

“Унаа” ишканасынын директорунун жардамчысы пара менен кармалды

Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 695 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысы 2 миң доллар пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул мекеменин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен эмгек келишимдеринин мөөнөтүн тоскоолдуксуз узартып беребиз деп акча алып турган коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталды.

3-сентябрда ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен Ы.Р.Р. аттуу кызматкер кармалды. Ал “Унаа” ишканасынын директорунун жардамчысы экени аныкталды. Маалыматка караганда ал “Унаа” ишканасынын Бишкек бөлүмүнүн кызматкерин узак убакыт бою иштен алам деп коркутуп келген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш алкагында териштирүү иштери жүргүзүлүп, пара талап кылуу фактысына тийиштиги бар башка кызматкерлер аныкталууда.

Copyright © 2017 Maral FM