Биз менен байланышыңыз

Нарындагы үгүттөө боюнча укук коргоо органдары териштирет

Кыска кабар , Саясат | 1 Сен 2020 | 734 | 0

Социалдык тармактарда Нарын облусундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мусурканов экени айтылган жаран тургундарды үгүттөп жаткан видеосу тарады. Анда ал жергиликтүү тургундардан депутаттыкка талапкер Улан Бакасовду колдоп берүүсүн суранып, ал үчүн Бакасов 500 миң сом суммадагы каражат убада кылганын айтты.

— Улан Бакасов дегенди таанысаңар керек, 1984-жылкы бала, өзүбүздүн Ак-Кулундан болот. Кылган эмгектерин баарыңыздар эле уксаңыздар керек, Нарында футбол талаасын өзү эле салып берип койгон да. «Мен бийлик менен жүрбөсөм, силерге эч нерсе кылып бере албайт экем, —  дейт, — эгер мени колдоп берсеңер кийин дагы жумуш алып барабыз, инвестор болуп берем» деп жатат. Биз сүйлөштүк, 500 миң сом нак акчасын алып келип берем деди, 300 киши [добуш] салып бергиле, силерден башка эч нерсе талап кылбайм дейт, — деп айтат айыл өкмөт башчысы, тарап жаткан видеодо.

Бул маалымат боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы кабардар болуп, Ыкчам чара көрүү координациялык группасы социалдык тармактагы видео боюнча ишти укук коргоо органдарына арыз менен өткөрүп берген. Мындай кабарды БШКнын маалымат катчысы Асел Өмүракунова «Маралга» билдирди.

— Боршайкомдун Ыкчам чара көрүү координациялык группасы укук коргоо органдарына айыл өкмөт башчысы жарандарды үгүттөгөн видео боюнча кайрылган. Укук коргоо органдары бир чечим чыгарып, алар чара көрүшөт, — деп билдирди Өмүракунова.

Жогоруда аталган айыл өкмөт башчысы үгүттөп жаткан талапкер Улан Бакасов бийликчил аталган «Биримдик» партиясында. Ал нарындыктарга жардам берип жүргөнү боюнча коомчулукка таанымал. Талапкер партиянын тизмеси боюнча 6-орунда турат.

Copyright © 2017 Maral FM