Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктарды бул күздө эмнелер күтүп турат? 

Коом | 1 Сен 2020 | 933 | 0

2020-жылы “чү” дегенде эле дүйнө жүзү жоготууларга жана өзгөрүүлөргө тушукту. Алардын катарында кыргызстандыктар дагы. Жылдын кыш, жаз, жай мезгилдери пандемия шартында өтүп, өзгөчө кырдаал режиминде жашаган болсок, күз мезгилинде эмнелер күтүп турганын төмөндө кеп кылалы.

Дистанттык окуу

Билим берүү жана илим министрлигинин чыгарган токтомуна ылайык, кыргызстандык мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайдын студенттери бир чейрек, бир модулдук окуу убактысын дистанттык түрдө окушат.

Шайлоо

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттин 7-чакырылышына ат салышка 16 партия Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоосунан өткөн. Алардын үгүттөө иштери 4-сентябрда башталат. 

Жогорку Кеңештин чакырылышы 5 жылдык мөөнөт менен келет. Ар беш жылда шайлоо өтөт.

Пандемия

Кыргыз өкмөтү алдын ала жарандарга пандемиянын экинчи толкуну боюнча эскертип жатат. Өкмөттүн айтымына караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну ноябрь айына туш келет. Буга бир себеп элдин санитардык эрежелерди сактабаганы болушу мүмкүн.

Суу тартыштыгы — энергетика

Кыргызстан кеч күздөн баштап Казакстандан электр энергиясын сатып алууну көздөп жатат. Себеби, өлкөнүн суу сактагычтарында суунун көлөмү аз. Мисалы, Токтогул суу сактагычында буга чейин 20 миллиард куб чогулса, бүгүнкү күнү 14 миллиард куб экени маалым.

Аскерге чакыруу

18 жашка толгон, аскердик кызматка жарамдуу жарандарды массалык түрдө топтоп, армияга алып кетүү пандемияга байланыштуу токтотулган болчу. Күзгү чакыруу менен аскердик кызматка алып кетүү кайрадан жанданат. Бул жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ал сентябрь айынан баштап ноябрь айына чейин уланат.

Copyright © 2017 Maral FM