Биз менен байланышыңыз

Ооруканаларды куруу үчүн 187 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 24 Авг 2020 | 296 | 0

Бүгүнкү күндө республика боюнча саламаттык сактоонун 5 объектисинин курулушу жана 9 оорукананын капиталдык оңдоо иштери  толук кандуу аткарылууда.

Белгилей кетсек, 2 курулуш объектиси республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Ал эми “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” КФ эсебинен Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында инфекциялык ооруканалардын жаңы 3 имаратын куруу жана республика боюнча 9 объектини капиталдык оңдоо-түзөө жумуштары каржыланууда.

Сентябрь айында 12 объектти аяктоо пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM