Биз менен байланышыңыз

Бир адам каза болуп, дагы 103 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 24 Авг 2020 | 682 | 0

Акыркы суткада covid-19 инфекциясынан 1 адам каза болду. Мындай учур Бишкек шаарында катталды.

24-августка карата бир сутка ичинде 103 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек — 27;
Ош – 1;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 8;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 29;
Баткен облусу — 19.

Ошондой эле акыркы суткада 218 адам илдеттен сакайып чыккан:

Бишкек – 107;
Ош шаары – 17;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу – 25;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 20;
Жалал-Абад облусу – 21;
Баткен облусу – 19.

Өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 43 миң 126 адамды түздү. Анын 36 миң 615и айыккан.

Copyright © 2017 Maral FM