Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Кореянын президентине көңүл айтты

Кыска кабар | 20 Авг 2020 | 913 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кореянын президенти Мун Чжэ Инге ири суу ташкынынан көптөгөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Корея Республикасында көптөгөн адамдардын өмүрүн алып, кыйроого учураткан ири суу ташкыны болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Акыркы 2 жумадан берки тынбай жааган нөшөрдөн улам, Түндүк жана Түштүк Кореяны суу каптаган. Анын кесепетинде Түштүк Кореяда алтымыштай адам каза болуп, дагы ондогону дайынсыз жоголду. Алты миңдей тургун жер которууга мажбур болгон.

Copyright © 2017 Maral FM