Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коомдук транспорттор дем алыш күндөрү да иштеп баштайт

Кыска кабар | 20 Авг 2020 | 1110 | 1

Бишкекте карантиндик чектөөлөр жеңилдетилип, 20-августтан тарта коомдук транспорттордун иш убактысы узартылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Эми коомдук транспорттор (автобус, троллейбус, маршруткалар) дем алыш күндөрү жана майрам күндөрү да ишин жандантат.

Бирок чектелүү иш сааты сакталуу бойдон калмакчы: эрте менен 7:00дөн 11:00гө чейин, түштөн кийин 14:00дөн кечки 23:00гө чейин жүрөт.

Саат 11ден 14:00гө чейинки аралыкта коомдук транспортторду дезинфекциялап, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Кайырбек

    24.08.2020 09:57

    Сакайгандар , коомдук унаалардын дем алышсыз иштеши жакшы го дечи бирок иштоо убактысынын чектелгендиги ойлондурат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM