Биз менен байланышыңыз

1-класстарды окутууда кандай талаптар коюлат?

Кыска кабар | 19 Авг 2020 | 697 | 0

Өкмөттүн чечими менен 1-сентябрдан баштап мектепке 1-класстын гана окуучулары барат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова билдирди.

Анын айтымында, калган мектеп окуучулары онлайн режиминде окуусун баштайт.

1-класстын окуучуларынын мектепке баруусуна шарт түзүү максатында атайын нускама иштелип чыккан.

Анда төмөнкү шарттар каралган:

— мектепти толугу менен дезинфекциядан өткөрүү, кире беришке санитайзер орнотуу;

— балдар мектепке киргенде термометриядан өткөрүү;

— үй-бүлөдө оорулуу адамдын жок болушу;

— мектепте 25-30 бала окуй турган болсо, аларды 2 топко бөлүү. Шахмат түрүндө отургузуп, аралыкты сактоо;

— класста бет кап кийип отуруу;

— класстык бөлмөлөрдө кол жуучу жай, антисептик сөзсүз болушу керек;

— аралыкты сактоо үчүн мектептерде 2 чыгуу/кирүү эшиги  болушу зарыл;

— дааратканаларда суу, кагаз, самын болушу керек.

“Мектепти дезинфекциялоо, кире бериште антисептиктин болушу, балдарды мектепке келгенде термометр менен текшерүү керек. Ошондой эле 1-класска бара турган баланын үй-бүлөсүндө оорулуу адамдын жок болушу жана 25-30 бала окуй турган болсо, аны экиге бөлүп окутуу шарт. Окуучулар класстын ичинде шахматтык негизде отуруп билим алуусу керек. Аны менен бирге беткап кийүү, санитардык нормаларды сактоо жагы да каралган”, — деп белгиледи Кушубакова.

Балдарды мектепке жеткирүү же онлайн метод менен окутуу — ата-эненин тандоосуна коюлган. Ата-энелер менен Билим берүү министрлиги келишим түзүп, санитардык нормаларды сактоо боюнча, балдарды алып келүү-алып кетүү шарттары боюнча маселелер каралып жатат. Ата-энелерде мүмкүнчүлүк болсо, өздөрү жеткирип, кайра алып кеткени жакшы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM