Биз менен байланышыңыз

Жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен жигит кармалды

Кыска кабар | 18 Авг 2020 | 506 | 0

Милициянын кайгуул кызматы жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырган айдоочуну аныкташты.

17-августка караган түнү саат 1:00 чамасында Ч.Айтматов проспектисиндеги Шампанвинкомбинатынын алдында белгисиз айдоочу жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырган.

Жол кырсыгында 30-35 жаштагы аял алган жаракатынан каза болгон.

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Тойота Эстима” унаасынын 23 жаштагы айдоочусу кармалган. Аны шаардык ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүп беришкен.

Унаа айып аянтчасына киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM