Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктурган медкызматкерлердин саны 3 миңден ашты

Кыска кабар | 18 Авг 2020 | 579 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 1;
• Ош ш. – 1;
• Жалал-Абад облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 8 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3038 учур катталды, алардын ичинен 2352 медкызматкер айыкты.

18-августка карата өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 42 146 адамды түздү. Анын 34 миң 885и айыкса, коронавирус жана пневмониядан жалпы 1498 адам каза тапты.

Copyright © 2017 Maral FM