Биз менен байланышыңыз

Медкызматкерлердин дагы бир тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 453 | 0

Бүгүн, 17-августта, COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы сапта иштеген дарыгерлердин дагы бир тобу Ысык-Көлгө жөнөп кетишти. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Борбор калаа жана региондордон келген медицина тармагында эмгектенген кызматкерлердин тобу 7 күн бою Ысык-Көлдөгү «Алтын Жай» пансионатында эс алып, ден соолуктарын калыбына келтирип кайтышмакчы.

Бул иш-чара инфекция очокторунда иштеген медициналык кызматкерлер үчүн реабилитациялоо жана ден-соолугун калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын алкагында өтүп жатат.

15-августта ден соолугун реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн 200 медицина кызматкери Ысык-Көлгө жөнөтүлгөн. Булардан сырткары, акыркы 3 жуманын ичинде жалпысынан 450дөн ашуун медицина кызматкери “Энесай” жана “Алтын Жай” пансионаттарында эс алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM