Биз менен байланышыңыз

Президент менен өкмөт башчы өлкөдөгү кырдаалды талкуулады

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 732 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта, премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Анда өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясы боюнча кырдаал жакшырганын — илдетти жаңы жуктуруп алгандардын саны азайганын белгиледи. Анын айтымында, кырдаалды мындан ары жакшыртуу жана узак мөөнөткө сактоо менен дары-дармектердин корун түзүү боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.

Азыркы тапта ишкерлерди колдоо программасынын алкагында бөлүнгөн 14 млрд сом өздөштүрүлүп жатат. Ал аймактардагы ишкерлерди колдоо, анын ичинде ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүдө колдонулат. Насыяларды берүүдө бюрократиялык иш-аракеттерди болушунча кыскартуу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Насыя алууда банктык документтердин саны жетиден үчкө кыскартылган.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясына байланышкан кырдаалдын бир эле саламаттык сактоо тутумуна эмес, экономикага жана социалдык чөйрөгө дагы тийгизген таасирлери боюнча комплекстүү анализ жүргүзүү зарылдыгына токтолду.

Ошону менен катар тармактарды, социалдык чөйрө мекемелерин, бөтөнчө медицина объектилеринин күзгү-кышкы мезгилге өз учурунда даяр болушун камсыз кылуунун маанисин өзгөчө баса белгиледи.

Ооруканаларды капиталдык реконструкциялоону өз маалында каржылоо  иштерине, аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаал боюнча алдын алуу чараларын күчөтүүгө көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле дарыгерлер менен мугалимдерге Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берүү боюнча чараларды активдештирүүнүн маанисин белгиледи.

Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында фермерлердин жеңилдетилген насыя ресурстарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча иштерди улантуу зарылдыгын баса белгиледи.

Ошону менен бирге «Санарип аймак» аянтчасынын алкагында үстүбүздөгү жылдын аягына чейин аймактардагы калкка көрсөтүлгөн бардык мамлекеттик кызматтар электрондук форматка өткөрүлүшү керектиги айтылды.

Мындан сырткары, Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого бардык санитардык талаптарды сактоо менен даярдыктарды көрүү боюнча иш-чаралардын натыйжалуу уюштурулушун камсыз кылуу керектигине көңүл бурду.

Copyright © 2017 Maral FM