Биз менен байланышыңыз

7 айда 9 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 437 | 0

Быйыл жети айдын ичинде электр энергиясы былтыркыга салыштырмалуу  азыраак өндүрүлдү.  Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

«Быйыл 7 айдын ичинде электр энергиясын өндүрүү 9 млрд кВт/саатты түздү. Ал былтыркы жылга салыштырмалуу 102,8 млн кВт/саатка аз. 7 айдын ичинде жылуулук энергиясын чыгаруу 1,5 млн гигакалорияны түздү. Ал 59,7 миң гигакалорияга көп. «Газпром Кыргызстан» компаниясы аркылуу Кыргызстанга 172,5 млн куб метр газ келген. Ал былтыркы жылга караганда 16,4 млн куб метрге аз», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM