Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан экологиялык таза продукцияларды экспортоону көбөйтөт»

Кыска кабар | 16 Авг 2020 | 468 | 0

«Кыргызстан экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрүн экспортоону көбөйтөт». Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков 15-августта, «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде айтты.

Мамлекет башчысы жашоо деңгээли жогору өлкөлөр экологиялык таза продукцияга кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү, ВСП+ өзгөчө жеңилдетилген статусу берилгенин эске салды.

«Коңшу Кытай мамлекети да биз үчүн ири рынок. Бизде өндүрүлгөн азык-түлүктү Кытайга чыгаруу боюнча иш башталган. Мунун үстүндө ишти күчөтүп, талаптарды да коюп жатабыз. Биз эл аралык деңгээлге чыкканга дагы өзүбүздүн лабораторияларды даярдап, азыр ага даяр болуп калдык. ЕврАзЭСтин алкагында бул уюмга мүчө эмес өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүү аракети бар. Мисалы, Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттери Сербия менен эркин соода жүргүзүү тууралуу Макулдашууга кол коюлган. Ушундай эле келишим Вьетнам жана Иран менен күчүнө кирди. Израиль, Египет, Индия сыяктуу өлкөлөр менен да эркин соода жөнүндө келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, биз аны колдоп жатабыз», — деди Жээнбеков.

Президент тышкы рынокко чыгуу үчүн ошол талаптарга жооп берген азык-түлүктү өндүрүп, көлөмүн көбөйтүү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле ал ишкерлерге ички ресурстардан колдоо болорун, бизнеске жагымдуу чөйрөнү түзүү — улуттук стратегиялык өнүгүүнүн негизги талаптары экендигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM