Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар 40 миңден ашты

Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 551 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусунун 278 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде кабарлады.

Анын ичинде, Бишкек шаарында 104 жаңы учур катталды, Ош шаары — 19, Чүй облусу – 21, Ош облусу — 34, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 13, Ысык-Көл облусу – 17, Жалал-Абад облусу – 40, Баткен облусу — 27.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 40 миң 455 учурга жетти. Анын 32 миң 764ү сакайды, 1478и каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM