Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коронавирустан каза болгондор эскерилет

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 388 | 0

Бишкекте 29-августта коронавирус жана пневмониядан каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Мэрия бул күнү кечки саат 21.30да шаардын бардык жашоочуларын бир канча мүнөткө үйлөрүндөгү жарыкты өчүрүп, терезелерин ачып, шам жагууну сунуштайт. Борбордогу чоң көчөлөрдөгү жарыктар да өчүрүлөт.

«Коронавирустан каза болгондорду эскерүү иретинде Чүй проспектиси боюнча — Бейшеналиевадан 7-Апрель көчөсүнө чейин, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Байтик баатыр, Ахунбаев, Киев көчөлөрүндөгү жарыктар бир канча мүнөткө өчүрүлөт. Шаар башкармалыгы маркумдардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат«, -деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM