Биз менен байланышыңыз

1-класска барчуларды мектепте окутуу маселеси жакынкы күндөрү чечилет

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 435 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 1-класска бара турчу окуучуларды мектепте окутуу маселесин карап чыгууну тапшырган. Билим берүү жана илим министрлиги бул маселе бүгүн чечилерин кабарлады.

Мекеменин маалымат катчысы Акылбек Орозматовдун айтымында, башталгыч класстар менен бүтүрүүчү класстарды мектепте окутуу маселеси август айында чечилери буга чейин кабарланган.

Учурда атайын кеңешме иштеп жатат. Жакынкы күндөрү бул маселе чечилет.

Июль айында Билим берүү жана илим министрлиги эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окуу процесси аралыктан окутуу менен башталарын кабарлаган.

Эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген чечим чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси да өзүнчө каралат.

Президент: 1-класска келе турчу балдарды мектепте окутуу маселеси каралып жатат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM