Кытайдын борбордук Хубэй провинциясындагы химиялык заводдо 3-август күнү кечинде жарылуу болду. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.
Жергиликтүү бийликтин айтымында, 4-августта эртең менен каза болгондордун саны алтыга жетти. Төрт адам ар кандай жаракаттарды алышты.
Өрт ошол эле күнү саат 19:00дө өчүрүлдү. Химиялык ишкана толугу менен ишин токтотту. Учурда тергөө амалдары жүрүп, кырсыктын себеби аныкталууда.