Connect with us

Кытай: Химиялык заводдогу жарылуу 6 кишинин өмүрүн алды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 370 | 0

Кытайдын борбордук Хубэй провинциясындагы химиялык заводдо 3-август күнү кечинде жарылуу болду. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, 4-августта эртең менен каза болгондордун саны алтыга жетти. Төрт адам ар кандай жаракаттарды алышты.

Өрт ошол эле күнү саат 19:00дө өчүрүлдү. Химиялык ишкана толугу менен ишин токтотту. Учурда тергөө амалдары жүрүп, кырсыктын себеби аныкталууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM