Биз менен байланышыңыз

Быйыл аймактардагы ички жолдорду курууга көңүл бурулат

Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 371 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-августта Ысык-Көл облусунун ички жолдорунун курулуш иштери менен таанышты.

Учурда Каракол шаарында башкы көчөлөрдүн бири болуп саналган Жусуп Абдрахманов көчөсү оңдолуп-түзөлүүдө. Бул жол 1970-жылдан тарта оңдоло элек.

Жолдун курулушуна 74 млн сом бөлүнгөн, оңдоо иштери 2020-жылдын 1-ноябрына карата аякташы керек. Долбоорду Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция каржылоодо.

Жээнбеков Ак-Суу районундагы жолдордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анын ичинде, айылдын үч көчөсүнө асфальт төшөлүүдө, иштин жыйынтыкталышы үстүбүздөгү жылдын 25-августуна пландаштырылган. Бул максатка 15 млн сом бөлүнгөн.

Президент жергиликтүү кеңештин депутаттары менен сүйлөшүү учурунда быйыл ички жолдорду курууга өзгөчө көзөмөл болорун айтты.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча 2019-жылы 40 райондун борборунда жана 8 шаарда 140 километрге жакын жол асфальтталган. Үстүбүздөгү жылы 150 км жолун асфальттоо пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM