Биз менен байланышыңыз

Президент «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга карата каршы пикирге кол койду

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 614 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга карата каршы пикирге кол койду.

Президент мыйзамдын негизги концепциясын колдойт, ал — ар бир адамды интернет тармагында таратылган жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо укугу.

Ошол эле учурда төмөнкү жагдайларга каршы:

-Пикир билдирүүнүн эркиндиги жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн негизги мыйзамында, адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык келишимдерде кепилдик кылынган адамдын фундаменталдуу укуктарынын бири болуп эсептелет. Бул демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт.

Ошол эле учурда Конституция жарандарды башка адамдардын укуктарын, эркиндигин, ар-намысын жана аброюн урматтоого милдеттендирет. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын жана аброюнун корголушуна укуктуу.

Президенттин каршы пикиринде, пандемия мезгилинде социалдык тармак аркылуу жалган маалыматтарды тараткандар коомдук тартипке, коопсуздукка зыян келтирип жатат деп айтылат.

Анын кесепетинен коргоо үчүн мыйзамды ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин карап чыгуу сунушталды. Аны коомчулук, эксперттик коом жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү биргеликте карашы керек.

«Бул мыйзамды кароону адам укуктарын, мамлекеттик саясатты, мамлекеттин технологиялык жана туруктуу өнүгүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен камсыз кылуу керек деп эсептейм”, — дейт президент.

Жогоруда айтылган жагдайларды эске алуу менен “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн кайтарылды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги президенттин каршы пикирин Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM