Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 101 жаштагы бейтап коронавирустан айыкты

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 435 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 653 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен бул оорудан айыккандардын саны 27 миң 927ге жетти.

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, акыркы бир сутка ичинде айыккандардын арасында эң улгайган курактагы адамдар бар. Алардын бири 101 жашта, дагы бири 80 жаштан өткөн.

Акыркы суткада коронавирустан айыккандарды аймактар боюнча алып караганда:

-Бишкек – 167;
-Ош шаары – 29;
-Чүй облусу – 201;
-Ош облусу – 77;
-Талас облусу – 42;
-Нарын облусу – 7;
-Ысык-Көл облусу – 69;
Жалал-Абад облусу – 40;
-Баткен облусу – 21 бейтап.

Кыргызстанда коронавирус жуктаргандардын саны 37 миң 129га жетти. Бул илдеттен 27 миң 927 бейтап айыгып, 1420сы каза болду.

Учурда ооруканаларда 7792 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бишкек шаарында 2858 киши, Ош шаарында – 535, Чүй облусунда – 859, Ош облусунда – 1 миң 207, Нарын облусунда – 149, Ысык-Көл облусунда – 805, Жалал-Абад облусунда – 743, Талас облусунда – 210, Баткен облусунда 426 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM