Биз менен байланышыңыз

«МеКен» тасмасын 500 миңге жакын адам көрдү

«МеКен» толук метраждуу көркөм тасмасы 468 миң 563 жолу көрүлдү. Тасманын Ютубдагы премьерасы 31-июлда кечки саат 20.00дө болгон.

«МеКен» тасмасын кинотеатрлардан көрсөтүүгө уруксат берилген эмес. Фильмдин режиссёру Медербек Жалиловдун «Маралга» берген маалыматына караганда, биринчи жолу ар кандай мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комитет түзүлүп, тасма 3-4 жолу текшерүүдөн өткөн.

Медербек Жалиловдун айтымында, тасманы текшерген топтун курамына Улуттук коопсуздук боюнча малекеттик комитеттен, Ички иштер министрлигинен, Президент аппаратынын дин иштери боюнча бөлүмүнөн, Саламаттыкты сактоо министрлигинен, Маданият министрлигинен өкүлдөр кирген.

«Тасмадан кыйкым издеп, пара берген жерлерди кесип салгыла деп жатышат. Биз айтып жатабыз, биринчиден, бул — көркөм тасма. Экинчиден, биз ал тасманы кыскартып же кесип, же башынан тарткыдай мамлекет бизге бир тыйын берген эмес. Өзүбүздүн демөөрчүлөрдөн карызга алган акчага тартканбыз» , — деди Жалилов.

«МеКен» тасмасы Ютубда бекер көрсөтүлүп, аны тартууга кеткен чыгымды демөөрчүлөргө кайтарып берүү үчүн элдин жардамы менен акча топтолуп жатат.

Тасмада табият койнунда үй-бүлөсү менен бейкут өмүр сүрүп жаткан Бектемирдин тынч жашоосун жогору жактагы тоолорду жардырып, кен каза баштаган ишкана бузат. Окуянын башында бул жагдайга кайдыгер караган Бектемир кийинчерээк кендин залакасы анын жеке үй-бүлөсүнө, мал-жандыгына тийгенде гана жоопкерчиликсиз иштеп жаткан ишканага каршы күрөшүн баштайт. Бектемирдин күрөшү — бара-бара жалпы элдин бүткүл коррупциялашкан системага каршы күрөшүнө айланат.

Тасманын продюсери — Бектемир Мамаюсупов. Режиссёру — Медербек Жалилов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM