Биз менен байланышыңыз

3-августка карата аба ырайы

Кыска кабар | 2 Авг 2020 | 395 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 3-августта Чүй облусу менен Таластын тоолуу аймактарында жаан карга айланышы божомолдонду. Башка облустарда да жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12 … +17 °C, күндүз +28 … +33 °C;

Таласта түнкүсүн +10…+15, күндүз +25 … +30 °C;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +15…+20, күндүз +31 … +36 °C;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +13 °C, күндүз +20 … +25 °C;

Нарын облусунда түнкүсүн +6 … +11 °C, күндүз +21 … +26 °C;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15 … +17 °C, күндүз +31 … +33 °C градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM