Кыргызгидромет билдиргендей, 3-августта Чүй облусу менен Таластын тоолуу аймактарында жаан карга айланышы божомолдонду. Башка облустарда да жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12 … +17 °C, күндүз +28 … +33 °C;
Таласта түнкүсүн +10…+15, күндүз +25 … +30 °C;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31 … +36 °C;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +13 °C, күндүз +20 … +25 °C;
Нарын облусунда түнкүсүн +6 … +11 °C, күндүз +21 … +26 °C;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15 … +17 °C, күндүз +31 … +33 °C градус болот.