Биз менен байланышыңыз

Пандемия: Дүйнөдө 150гө жакын ири компания банкрот болду

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 462 | 0

Коронавирус пандемиясынын фонунда, 2020-жылдын экинчи чейрегинде дүйнө жүзүндө банкроттун толкуну болуп өттү. Euler Hermes камсыздандыруу компаниясынын анализине ылайык, бул АКШ жана Европанын компанияларына көбүрөөк таасирин тийгизди.

2020-жылдын апрель-июнь айларында дүйнө жүзү боюнча 147 ири компания (жүгүртүүсү 50 млн евродон ашык) банкрот болгон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп.

Банкроттун эң көп саны АКШда (52) жана Европада (64)катталган.

Чекене соода, тейлөө, энергетика жана автомобиль тармактарындагы абал оор.

Талдоочулар ошондой эле Германияга байланыштуу тынчсызданууларын билдиришти. Эксперттердин божомолуна караганда, 2021-жылга чейин өлкөдөгү 29 миңден ашык жергиликтүү компания кризиске кабылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM