Connect with us

Нидерланды өкмөтү элге беткап кийүүгө кеңеш бербейт

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 424 | 0

29-июлда Нидерланды өкмөтү коронавирустун жайылышын басаңдатууда беткаптардын натыйжалуулугу далилденбегенин айтуу менен, адамдарга беткап кийүүгө кеңеш бербей тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Reuters жазды.

Тиешелүү чечимди Нидерландынын саламаттыкты сактоо министри Тамара ван Арк өлкөнүн Саламаттыкты сактоо Улуттук Институту (RIVM) карап чыккан соң жарыялады.

«Анын ордуна өкмөт ушул жумада өлкөдө коронавирустун учурлары көбөйүп кеткенден улам социалдык аралык эрежелерин жакшыраак сактоого үндөйт. Беткаптардын медициналык жактан далилденген натыйжалуулугу жок болгондуктан, министрлер кабинети медициналык эмес маскаларды кийүү боюнча улуттук милдеттенме болбой турганын чечти», — деди Ван Арк.

Бул чечим бир тенденцияны чагылдырат, анткени көптөгөн европалык өлкөлөр дүкөндөрдө же эл көп чогулган жерлерде беткап тагууну милдеттендирген.

RIVM компаниясынын башкы директору Яап ван Диссел уюм беткаптардын илдеттин жайылышын жайгарууга жардам берери тууралуу  изилдөөлөрдөн кабардар экендигин, бирок Нидерландыда учурдагы коронавирустун жайылуусуна жардам берээрине ишенбей турганын айтты.

Анын айтымында, беткапты ылайыксыз кийүү, социалдык аралык эрежелерин начар сактоо жугуштуу ооруну күчөтөт.

Учурда өлкөдө беткап тагуу коомдук транспорттордо жана аэропорттордо гана талап кылынат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM