Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Германиядан 80 жаранын алып чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 385 | 0

Тажикстан 80 жаранын «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын атайын рейси менен Германиянын Франкфурт шаарынан Душанбеге алып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Буга чейин 8-июлда «Сомон Эйр» тарабынан Франкфурттан 161 жаран  эвакуацияланган.

Коронавирус пандемиясынан улам көптөгөн мамлекеттер, анын ичинде Тажикстан чек араларын жана аба каттамдарын жаап салган.

Азыркы учурда тажик өкмөтү бир катар өлкөлөрдүн бийликтери менен макулдашып, өз жарандарын ташуу үчүн чартердик рейстерди уюштурууну улантып жатат.

Тактап айтканда, Орусиянын шаарларынан жумасына 14 каттам менен экспорттук чартердик рейстер аткарылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM