Биз менен байланышыңыз

Москвадагы кыргыз кыздарын тескөөгө алууну каалаган жигиттердин видеосу тарады

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 2121 | 1

Москвада кыргыз жигиттер кыздарды башка улуттун балдары менен көрүп калса, сабай турганын айтып чыгышты. Бул тууралуу видеону Фейсбук колдонуучу Айгуль Ашимова социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Видеодон эркек балдар кыргыз кыздарга күйгөндүктөн чогулганын билдиришет. Башка улуттун балдары менен жүргөн кыздарга эки жолу эскертүү берип, болбосо физикалык күч колдонуу керектигин айткан жайы бар.

Видеодо чогулган тараптар:

— Биримдикке келели, туугандар. Тайпа түзүп, бир кыргыз кыз менен көрүп калабы, сүрөт, видео болобу группага ыргытып, дароо чечели. Биз кылбасак, башка эч ким чечип бербейт. Өзбек, тажиктер жок. Айрыкча, кыргыз кыздар бар. Абалды чечүү үчүн биримдикке келишибиз керек. Конфликт болгондо чоңдор чечиши керек. Ынтымакта болсок, эч ким тийише албайт.

— Видеону көргөн кыздар эсиңерге келгиле. Бул акыркы эскертүү.

— Кыздар эле эмес, эркектер да бири-бирибиз менен урушканды токтотолу. 

— Намысыңар барбы, эркек болсоңор ойгонгула. Качанкыга чейин көрмөксөнгө саласыңар? Көзгө илишпейт… деген сөздөр айтылган.

Мырки Москвы снова начали охоту на наших девушек🤦🏻‍♀️У нас в стране трагедия, вирус убивает людей, а эти мырки решили избивать наших девушек, если увидят их с мужчинами другой национальности и они ещё называют себя патриотами 🤦🏻‍♀️🤦🏻‍♀️🤦🏻‍♀️ Так стыдно, что у нас такие идиоты 🤦🏻‍♀️🤦🏻‍♀️🤦🏻‍♀️

Опубликовано Айгуль Ашимовой Вторник, 21 июля 2020 г.

1 пикир

1 пикир

  1. Yrysbek

    23.07.2020 09:23

    Чогулуп бири бирңе жардам кылганыңар жакшы бирок мыйзам чегинен чыкпагыла

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM