Биз менен байланышыңыз

Бүгүн ЖОЖго кабыл алуу башталды. Окууга кантип тапшырса болот?

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 1660 | 0

2020-2021-окуу жылында ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт.

Окууга кабыл алуу үчүн атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан.

Абитуриент окууга тапшыруу үчүн төмөнкү аракеттерди аткаруусу керек:

Каттоо. Абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтында каттоо процедурасынан өтүүсү керек, ал үчүн профилде керектүү маалыматтарды толтурат. Тактап айтканда, алгач талон номерин жазып киресиз. Андан соң сайттагы көрсөтмө аркылуу улантсаңыз болот.

Маалыматтар толтурулгандан кийин абитуриенттин телефон номерине СМС билдирүү келет. Эскертүү, телефон номерин туура, так көрсөтүү зарыл! Себеби, билдирүүдө атайын пароль жөнөтүлөт.

ЖОЖду тандоо. Системада көрсөтүлгөн окуу жайлардын тизмесинен багытты жана профилди тандоо керек.

Өтүнмө (заявка) берүү. Андан кийин ЖОЖду, даярдоо багытын тандоо менен ЖРТнын электрондук талонун тиркөө зарыл.

Кабыл алуу. ЖОЖдун сунушунан кийин тандалган адистик боюнча окуу тууралуу чечимин тастыктоо зарыл.


Кыргызстандагы ЖОЖдор тууралуу кызыктуу фактылар (тест)

Copyright © 2017 Maral FM