Биз менен байланышыңыз

Эмгек сиңирген дарыгер Бейшекан Калиева дүйнө салды

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 1120 | 0

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Бейшекан Калиева көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары (1994-ж), Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун биринчи директору, (1996-1998-жж), Саламаттыкты сактоо мектептеринин улуттук координатору Калиева Бейшекан Алмалиевна 17нен 18-июлга караган түнү көз жумган. Ал Республикалык инфекциялык ооруканада пневмония илдетинен дарыланып жатканы айтылган.

Калиева Бейшекан 1948-жылы Токмок шаарында туулган. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Үч жыл аралыгында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Стрельниково айылында аймактык дарыгер болуп эмгектенген.

1980-1985-жылдары Монгол Республикасынын саламаттык сактоонун башкы ординатору болуп, кайтып келген соң Чүй райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары, 1989-1994-жылдары аталган оорукананын башкы дарыгери болуп иштеген.

1992-жылы «Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун отличниги» наамы, 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери» наамы ыйгарылган.

Маркумдун артында бир уулу калды.

Мыкты кызматкердин каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришип, терең кайгыруу менен көңүл айтышты. 

Марал радиосунун эмгек жамааты дарыгер Калиеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM