Биз менен байланышыңыз

Закиров: Тез арада оорукана куруу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июл 2020 | 1350 | 0

Тез арада бизнес коомчулугун бириктирип, жергиликтүү бийликтер менен сүйлөшүп, бир долбоорду эртерээк баштоо зарыл. Жаңы ооруканаларды курууга шарт бар. Бул тууралуу «Intertex» компаниясынын директору Амир Закиров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сапаттуу бейтапкана курулбаса, эл кышында стационарларга чыдай албайт. Учурда күзгү көйгөйлөрдөн жана илдеттин аймактарга кеңири жайылып кетүүсүнөн коркуш керек.

«Биз региондо абал кандай экенин билебиз. Ал жакта эч нерсе жок. Ошондуктан алдын ала ооруканаларды курууга муктажбыз. Ага эл да, бизнес да даяр. Биригип, кандайдыр бир стратегиясын түзүп, биздин да сунушту угуп… Учурда элдин баары эки жака чуркап, айрымдар жакындарынан айрылууда. Ошентсе да бир кеңешилсе, чоң маселе чечилмек», — дейт Закиров.

Ал  кошумчалагандай, экономика абдан начарлап, ишкерлер акыркы акчаларын чыгарган мезгил болууда. Ишкерлер учурда мэрия, өкмөткө «мындай шарт түзүп бергиле» деп талап кыла албайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM