Биз менен байланышыңыз

Ford’дун айдоочусу саатына 703 км ылдамдыкта жүрүп, айыпка жыгылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 393 | 0

Италиянын Оффанья шаарында жол камерасы жергиликтүү аял айдоочу унааны белгиленген ылдамдыктан 10 эсе жогору ылдамдыкта айдаганы үчүн айып жазды.

Motor басылмасынын маалыматына ылайык, аял Ford Focus автомобилинде саатына 703 км ылдамдык менен унаа башкарган. Полиция айдоочуга камера видеолорун текшербестен, 850 евро айып пул салды.

Мындан тышкары, аял «Боинг» самолётунун ылдамдыгы менен «учкандыгы» үчүн 10 айып упайын алган. Бирок айдоочу мындай катаал жазага нааразы экенин билдирүүдө.

Италияда упайлар тутуму 2003-жылдан бери иштеп келе жатат. Айдоочулук күбөлүк алгандан кийин, автоматтык түрдө 20 балл менен эсептелет. Эгерде айдоочу жол эрежесин бузса, анда балл кемитилет.

Ошол эле учурда Эстонияда ылдамдыкта айдаган айдоочуларды жазалоонун антикалык жолу иштелип чыкты.

Укук бузгандарга айып пул төлөөнүн ордуна, жолдун жээгинде туруп, тынчтанып алуу сунушталууда. Мисалы, ылдамдыкты 20 чакырымдан ашыргандар 45 мүнөт, 21-40 километрден ашыргандар 60 мүнөт тыным алышы керек. Бирок жогорку ылдамдык үчүн дагы деле айып төлөө керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM