Биз менен байланышыңыз

Бразилиялык журналисттер өлкө президентин сотко беришти

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 397 | 0

Бразилиянын Журналисттер союзу президент Жаир Болсонаруну коронавирус жуктурганын жарыялагандан кийин ЖМКнын алдына беткабын чечип салгандыгы үчүн сотко кайрылган.

Даттанууда журналисттер президентти кеминде эки кылмыш жасаган деп айыпташты: башка адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген жана жугуштуу оорунун жайылышын алдын алуу боюнча.

Ассоциация кылмыш ишин териштирүү үчүн негиз бар же жок экендигин аныктоо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилишин суранды.

Болсонару коронавирустун белгилерин сезе баштаганда анализ тапшырып, тесттин натыйжасы оң деп жарыялаган.

Президент жеке өзү журналисттерге ушул окуя боюнча отчет берүүгө келген. Маектешүү учурунда президент алгач беткап кийген, бирок ал өзүн жакшы сезип жаткандыгын көрсөтүү үчүн эки кадам артка чегинип, беткапты чечип алган.

Азыркы учурда Бразилия дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны боюнча АКШдан кийин экинчи орунда турат. Өлкөдө вирус жуккан адамдардын саны 1,7 миллиондон ашты, ал эми жабыркагандардын саны 68 минден ашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM