Биз менен байланышыңыз

Беларусиядан Бишкекке 182 кыргызстандык келди

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 457 | 0

8-июлда Минск—Бишкек аба каттамы аркылуу Беларусиядан 182 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстандын Беларусия жана Украинадагы элчилиги жана Европа өлкөлөрүндөгү кыргыз уюмдарынын катышуусунда түзүлгөн.

Аталган рейс менен учуп келгендердин арасында Беларусия, Украина, Австрия, Венгрия, Улуубритания, Германия, Литва, Латвия, Словакия, Сербия, Италия, Испания, Румыния, Нидерланды, Польша, Франция жана Швейцарияда окуган студенттер бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM