Биз менен байланышыңыз

Кытай курал сатуу келишимине кошулду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 515 | 0

Кытай Эл аралык курал-жарак соода келишимине кошулду. Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь документти БУУнун баш катчысы Антонио Гутерришке тапшырды.

Чжан Цзюнь белгилегендей, Кытай келишимдин максаттарын жана милдеттерин колдойт. Эл аралык курал-жарак соодасын жөнгө салууга жана анын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы чараларды көрүүгө макул.

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулуктун көйгөйү бир жактуу болуп калды. Айрым мамлекеттер курал-жарак көзөмөлүнөн жана башка эл аралык келишимдерден баш тартып жатышат. Бул бардык мамлекеттердин глобалдык чакырыктарды чечүү аракетин начарлатат.

Чжан Цзюнь Кытай БУУнун максаттарын жана принциптерин сактагандыгын жана куралдарды көзөмөлдөө боюнча эл аралык келишимди колдой тургандыгын белгиледи.

Эске салсак, жогорудагы макулдашуу БУУ тарабынан 2013-жылдын 2-октябрында кабыл алынып, 2014-жылдын 24-декабрында күчүнө кирген. Учурда ага 107 мүчө мамлекет кирет.

АКШ 2019-жылдын апрелинде келишимден чыгууну чечкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM