Биз менен байланышыңыз

Күндүн сүрөтү: Бишкекте дарыгерлерге арналып тартылган арт

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 458 | 0

Бишкектеги улуттук госпиталдардын биринде дарыгерлерге арнап дубал сүрөтү тартылды.

Белгилеп өтсөк, айрыкча борбор калаа Бишкекте ооруу күч алгандыктан, медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги жаралууда. Бул себептен улам Кыргызстандын 7 дубанынан борборду көздөй дарыгерлер келишти.

Кошумчалай кетсек, 1993-жылы кабыл алынган токтомго ылайык, 5-июль медиктер күнү катары белгиленип келет. Бул күнү өлкө боюнча жалпы медиктердин салтанаттуу жолугушуулары уюштурулуп, мыкты медицина кызматкерлери ардак грамоталары, Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын сыйлыктары менен сыйланышат. Бир катар мыкты дарыгерлерге “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери”, “Саламаттыкты сактоонун эмгек сиңирген кызматкери” деген наамдар ыйгарылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM