Биз менен байланышыңыз

Казакстан кайрадан карантин жарыялоону сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2020 | 298 | 0

Казак өкмөтү өлкө аймагында кайрадан карантин жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттер» баракчасына жазды.

Карантин 14 күнгө созулушу ыктымал. Карантинди киргизүү чарасы өлкөдө коронавирус оорусун жуктурган адамдардын саны өсүп жатканы менен байланыштуу болду.

Өкмөт 5-июлдан баштап 14 күндүк карантин жарыялоону сунуштады. Узартылышы да мүмкүн. жыйындан кийин саламаттык сактоо министри түшүндүрмө берет, — деп жазган казак президенти.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги эгер эки апта карантин киргизилсе, жугузуп алгандардын саны күнүнө 7 миңге чейин жетерин болжолдоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM