Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Ишмердүүлүгүнө тыюу салынган объекттер (тизме)

Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 587 | 0

Тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. Бул тууралуу Бишкек мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда айтты.

Анын айымында, «Түндүкэлектр» ААК жана «Бишкексууканал» кабыл алынган нормаларга ылайык, карантин режимин бузган жайлар үчүн суу жана электр жарыгын өчүрүү сунушталат.

Мындан сырткары төмөнкү ишмердүүлүктөргө иштөөгө тыюу салынат:

  • велосипед ижарага берүү пункттары;
  • балдар оюн аянтчалары менен батуттар;
  • көчөдө уруксатсыз соода жүргүзүү пункттары жана тейлөөнүн түрлөрү;
  •  балдар оюн –зоок мекемелери;
  • футбол аянтчалары жана оюн аянтчалары.

Мэрия парк, сквер, бульвар, борбордук аянт жана башка коомдук жайларга барууга чектөө койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM