Биз менен байланышыңыз

Ырчы Болот Тасмаев дүйнө салды

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 3542 | 0

Ырчы, обончу, аткаруучу Болот Тасмаев 49 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу ырчылар өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жазып, көңүл айтышууда.

Маалыматка ылайык, Тасмаев оорунун кесепетинен улам бүгүн, 30-июнда көз жумду. Ырчы кант диабети менен күрөшүп келген.

Белгилей кетсек, Тасмаев 1971-жылы Аксы районунун Кербен айылында дүйнөгө келген.

Эң биринчи ыр жыйнагы «Сен билген жоксуң» аталышында 2014-жылы жарык көргөн. «Сезген жоксуң», «Ак чардагым», «Унутпаймын», «Жар-жар», «Оо, кыздар» жана башка ырларды аткарган.

«Марал» радиосунун эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM