Биз менен байланышыңыз

Трамп полициянын реформасы жөнүндө жарлыкка кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 522 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп полициядагы зордук-зомбулукка жана расизмге каршы ири нааразычылык акцияларынан кийин полицияны реформалоо боюнча жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, полиция колго түшүрүү убагында адамды кыймылсыз кылуу үчүн дем алуу мүмкүнчүлүгүн чектеген физикалык маневрди колдоно албайт. Бул ыкма полиция кызматкеринин өмүрүнө коркунуч туулганда гана колдонулат.

Ошондой эле Трамп полиция жөнүндө, алар тарабынан жасалган укук бузуулар, анын ичинде ашыкча күч колдонуу тууралуу маалыматтарды камтыган улуттук базаны түзүүнү буюрду. Мындан тышкары, президент полиция кызматкерлерине чыр-чатактарды тынчтык жолу менен кантип чечүү керектигин үйрөтүү үчүн гранттарды берүүнү буйруду.

Миннеаполисте 46 жаштагы афроамерикалык Джордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу уланууда. Ал полиция тарабынан кармалгандан кийин көз жумган. Интернетте Флойд жерде жатып: «Мен тумчугуп жатам» деп кыйкырып жаткан видео пайда болгон. Ал эми полиция кызматкери Флойддун мойнун тизеси менен басып турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM