Биз менен байланышыңыз

Бишкекке кирүүдөгү карантиндик посттордун орду алмашты

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 2056 | 0

Бишкекке кире бериш жердеги санитардык көзөмөл пункттарынын жайгашкан орундары өзгөртүлдү. Тийиштүү өзгөртүүлөргө Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов кол койду.

Санитардык посттор Бишкек шаарынын ылдый жагында жайгашкан айланма жол менен төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен жерине коюлду:

-Васильевский тракты — «Ак-Жол» айланма жолу;

-Пригородное айылы;

-Маевка айылы (кольцевая);

-«Тендик» жаңы конушу;

-Киргизская көчөсү. (Төмөнкү Ала-Арча);

-«Азамат» унаа базары;

-«Келечек» жаңы конушу;

-«Дордой» жаңы конушу;

-Ибраимов көчөсү;

-Курманжан-Датка көчөсү;

-ГЭС-5;

-Ленин көчөсү.

Санитардык көзөмөл постторунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 24 кызматкери, ИИМдин 40 кызматкери, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 40 кызматкери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 24 адам, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери бар.

Алар Бишкек шаарына кирип жаткан жарандардын дене табын текшерүүгө, эгер коронавирустун белгилери байкалса, обсервацияга алууга укуктуу.

Ал эми шаар ичине сүт азыктарын жана мөмө-жемиш жеткирген жактар үчүн “жашыл коридор” иштейт.

Бишкек шаарында коронавирус илдетин жалпы 610 жаран жуктуруп алды. Алардын 85и сырттан келген жарандар болсо, 525и байланыштын негизинде илдетти жуктурган.

Ошондой эле вирус жуктурган 482 жаран шаардын ичинде жашайт, 128и шаар четинде жашаган адамдар.

Ошол эле учурда оорудан 367 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылды. Медициналык көзөмөлдө 370 адам бар. Илдеттин кесепетинен каза болгондордун бешөө Бишкек шаарынан.

12-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2166 учур катталды. Алардын 1668и айыгып, 26 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM