Биз менен байланышыңыз

Карантин башталгандан бери Кыргызстанга сырттан канча акча келди?

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 851 | 0

COVID-19 каршы күрөшүү максатында Эл аралык финансы институттарынан учурда 250 млн 113 миң 59 $ жардам алынды. Жалпы 627 млн 330 миң 437 $ колдоо каралган. Пандемия учурунда Кыргызстанга келген жана дагы келе турган акчалардын 73%ы насыялар болсо, 27%ы грант болуп саналат.

  1. Эл аралык валюта фонду бюджетти колдоо үчүн жалпы 241 миллион $ насыя бөлөт.  31-марта КР бюджетине 1-траншта каралган 120 млн 849 миң 46 $ келип түштү.
    • Учурда ЭВФ менен 2-траншта каралган 121 млн 98 миң 891 $ акчаны тартуу боюнча консультациялар жүрүүдө.
  2. Азия өнүктүрүү банкы жалпы 135 млн $ колдоо көрсөтөт. Анын 41 млн сому грант, 94 млн $ы насыя.
    • Бюджетти колдоого 105 млн $, инвестициялык долбоорлорго 20 млн $ каралган, каражат бюджетке түшө элек.
  3. Дүйнөлүк банк инвестициялык долбоорлорго 121 млн 150 миң $ бөлөт. Анын 60 млн 575 миң $ грант, 60 млн 575 миң $ы насыя.
    • Мекеме учурда 21 миллион 150 миң $ өлчөмүндө жардам көрсөтүүдө.
  4. Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы инвестициялык долбоорлорго 50 млн $ насыя берет.
    • АИИБнын долбоорду жактыруусу июль айынын соңуна пландалган.
  5. Ислам өнүктүрүү банкы 15 млн $ насыя берет. Каражат инвестдолбоорго багытталат.
  6. Европа биримдиги бюджетти колдоого жалпы 33 млн 880 миң $ грант бөлөт.
  7. KfW Германия өнүктүрүү банкы азык-түлүк коопсуздугу үчүн 30 млн 352 миң 500 $ грант берет.

Коронавирус менен күрөшүү үчүн жардам топтоо жана көмөк көрсөтүү боюнча 11-июнга алынган маалымат:

  • Саламаттыкты сактоо министрлиги — 138 млн 754 миң 649 сом түшүп, 126 млн 734 миң 776 сому сарпталган.
  • Эмгек жана социалдык өнүгүү министрилиги – 17 млн 423 миң 283 сом сом түшкөн, анын 16 млн 139 миң 996 сому жумшалган.
  • Бишкек мэриясы — 7 млн 96 миң 327 сом топтолуп, 5 млн 920 миң 373 сому коротулган.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2020-жылга республикалык бюджеттин:

  • жалпы кирешелер бекитилген бюджетке салыштырмалуу 28 363,6 млн сомго азайтылып, 135 346,8 млн сом суммасында белгиленди.
  • 2020-жылы республикалык бюджеттин чыгашалары 163 039,1 млн сомду түзөт.
  • казынанын тартыштыгы 27 692,3 млн сомду түзөт. Бул бекитилген бюджетке салыштырмалуу 19 738,8 млн сомго көп.
  • тартыштыкты жабууга 27 692,3 млн сом суммасында каржылоо булактары каралды.

Кыргызстанга келген акчалардын 70% насыя

Пандемия учурунда Кыргызстанга келген жана дагы келе турган акчалардын 73% насыялар болсо, 27% грант болуп саналат.

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Четверг, 11 июня 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM